Бүгүн, 20-февралда ИИМ 2013-жылдагы иштердин жыйынтыгын чыгарды. Маалыматка караганда, 2013-жылы 27 217 кылмыш иши катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 5,6 пайызга аз. Ал эми милиция кызматкерлери тарабынан 18 729 кылмыштын бети ачылган. Бул 71,2 пайызды түзөт.
Ошондой эле 2013-жылы экстремизмди жайылтуу боюнча 234 факты катталган. Анын 128ине кылмыш иши козголгон. Натыйжада 6142 даана диний-экстремисттик маанайдагы материалдар алынган.