Бишкекте зордуктоо фактысы боюнча шектелип бир жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Свердлов райондук укук коргоо кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну, 1994-жылы туулган У.А. кайрылган. Жабырлануучунун арызында белгисиз адам Озёрный көчөсүнөн күч колдонуп зордуктап койгону жазылат. Тиешелүү чаралар көрүлгөн соң аталган кылмышка шектүү делип 1985-жылы туулган Расул кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.