Кыргыз жана тажик мигранттарга жардам берген Москванын тургуну камакка алынды

Эки кыргыз жана бир тажик мигранттарын турак жай менен камсыздап, жумушка орноштурган Москванын 33 жаштагы тургуну Константин Князьков 2 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Орусиянын прокуратурасынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, ал Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин “мыйзамсыз миграцияны уюштуруу” беренеси боюнча айыпталып, ага 5 миң рубль айып пул салынды.

“Константин Князьков чет өлкөлүк мигранттар Орусиянын аймагында кызмат кылууга уруксаты жок экенин билип туруп, өзү иштеген ишканасына аларды жумушка орноштурган. Мындан тышкары ал мигранттарды турак жай менен камсыздаган”,- деп билдирди прокуратуранын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ALI2012
2014-02-20 19:34:03
олдуго орустар чек араны жаап койгула бизди да озунорду да кыйнабай
0
maks83
2014-02-20 19:36:42
кыргызга болушкан бир орус болсо аны соттоп жатканын.окунучтуу
+9
Elnuram090
2014-02-20 20:07:18
окунучтуу ал эки кыргыз тажиктин абалы эмне болду экен.
0
eblk
2014-02-20 21:38:08
Elnuram090,Эмне болмок эле депорт да
0
Aksana1602
2014-02-20 21:02:24
Okunuchtuu,
0
mir-za
2014-02-20 23:14:30
ай кудай кыргыздар эмне болду экен аа
0
Bagirra
2014-02-21 02:31:04
Биринчи баарын өзүңөн башта деген сөз туура.
Өз адамына да карабай камаганына карганда
мигранттарга эми кыйын болот окшойт
+1
Tariell
2014-02-21 08:57:23
Илгери кыйын болгон эле. Азыр керектуу документти кылып алып журобер,сенин мышыгынды бироо пыш дебейт. Закон баарына бирдейда!
+4
joni90kg
2014-02-21 10:47:28
Tariell, tuura aitasun
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан