Германиянын Берлин шаарында өткөн 64-дүйнөлүк кинофестивалда Кыргызстандын атынан “Эркиндиктин гүлдөрү” аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү. 400дөн ашык тасманын арасынан тандалган алдынкы орунга Кыргызстандагы кырдаалды баяндаган аталган тасма да кошулду.
“Бир күндө 3-4 ирет көрсөтүлгөн бул тасмага көрүүчүлөр көп кызыккандыктан, кирүү билеттери да интернеттен эле тез арада сатылып кетип жатты”,- дейт бүгүн, 20-февралда “Парламент” радиосундагы түз байланышта депутат Эркингүл Иманкожоева. Депутат 9-16-февраль күндөрү өткөн кинофестивалга катышып келди.
Мириам Лойзе тарткан тасмада Кыргызстандагы экологиялык абал, адам укуктары, аялдардын көйгөйлөрү камтылган.