Бишкекте күч колдонуп 50 миң сом тартып алган кылмыштуу топ колго түшүрүлдү

Бишкекте күч колдонуп 50 миң сом тартып алган кылмыштуу топ колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Ленин райондук укук коргоо кызматкерлерине Сокулук районунун жашоочусу Есеналинов Е. арыз менен кайрылган. Арызда Бишкек шаарындагы Некрасов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуп 50 миң сомун тартып алгандыгы тууралуу жазылат. Аталган кылмыштын изи сууй электе 1991-жылы туулган И.М. жана А.Ж., 1993-жылы туулган У.Э., 1992-жылы туулган К.К. кармалып, камакка алынышты. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krasnyi.kg
2012-12-20 09:29:03
Жазанарды алгыла, ырас болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан