Асылбек Жээнбеков: "Жарык жана газды үзгүлтүккө учуратып жатканы үчүн энергетиктер менен газчылар элден кечирим сураса жакшы болмок"

19-декабрдагы ЖКнын жыйынында талкууланган өлкөдөгү энергетикалык кризистин кесепеттерин жоюу маселеси боюнча ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков өз пикирин билдирди. Төрага ар бир өкмөт баарынан мурда өлкө калкын жарык, газ, жылуулук менен камсыз кылууга тийиш экендигин баса белгиледи. "Кыргызстандын энерго тармагындагы бүгүнкү көйгөйлөр 20 жыл аралыгында топтолуп калгандыгына карабастан, ал ырааттуу чечилбей келген. Мындайча айтканда, туруктуу өнөкөткө айланып калган. Муну системдүү кризис катары да карасак болот",- деди ал. "Мен Ошто жашап жүргөндө кээ бир учурларда ай бою жаратылыш газы болчу эмес, сутка бою жарык өчүрүлчү. Мындай көрүнүш жылдан-жылга тереңдеп, өнөкөткө айланып барат. Ошондуктан мен жалгыз азыркы премьер-министрди күнөөлөөдөн алысмын. Ал үчүн бүтүндөй системди өзгөртүү керек, бардык тармакты реформалоо зарыл. Антпесек, ал көнүмүшкө айланып, улам тереңдей берет",- деп кошумчалады төрага. Асылбек Жээнбеков ошондой эле "менимче, энергетиктер менен газчылар элден энерго тармактын ишин үзгүлтүккө учуратып жаткандыгы, калкты өз маалында жетиштүү деңгээлде жарык, газ, жылулук менен камсыз кыла албай жаткандыгы үчүн кечирим сураса жакшы болмок",- деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан