Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 20-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. "Бүгүнкү күндө Улуттук коопсуздук органынын алдында оор тапшырмалар турат. Алар коррупция, эл аралык терроризм, сепаратизм, диний экстремизм, улутчулдукка жана диний чагымчылдыкка каршы күрөшүү. Мындай тапшырмаларды өлкөнүн чыныгы патриоттору гана аткара алат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга ошондой патриоттор, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген адамдар керек. Сиздер ошол үчүн мамлекетти, өлкөбүздүн көз карандысыздыгын сактап калуу үчүн ушул тармакта иштеп келесиңер. Мен ойлойм, сиздер мыйзам жана намыс үчүн өзүңөрдүн милдетиңерди так аткарасыздар. Андыктан сиздерге ийгиликтүү кызмат өтөө, ден соолук жана бейпилчилик каалайм" деп жазылат президенттин куттуктоосунда. 

  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан