Ысык-Көл: Мыйзамсыз балык уулагандарга кылмыш иши козголот

Облуста он күн аралыгында мыйзамсыз балык уулоо боюнча 10 факт катталып, узундугу 2000 метрге жеткен 19 тор алынган. Андан сырткары Жети-Өгүз районуна караштуу “Көк-Мойнок” бекетинде мыйзамсыз мергенчилик кылган эки факты катталса, анын бирөөнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Эске сала кетсек, быйыл жыл башынан бери мыйзамсыз балык уулоо боюнча жалпысынан 27 факт катталып, 150дөн ашык тор алынгандыгы белгилүү. Буга байланыштуу ИИМде 4 ыкчам топ түзүлүп, текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан