Максат Сабиров: "КТРКнын деңгээли улам түшүп, көрүүчүлөрү азайып бара жатат" деген маалыматтар айтылууда"

ЖКнын 20-декабрдагы жыйыны өз ишин баштоодо. Күн тартибин бекитүү учурунда депутат Максат Сабиров КТРК боюнча маалымат угуп коюш керектигин билдирди. Анын айтымында, аталган телекомпаниянын аброю күн сайын түшүп бара жатат. "Азыркы күндө маалыматтар келип түшүүдө. Кыргызстандагы ЭлТР, НТС каналдарынын деңгээли жогорулап жатат. Ал эми КТРКнын көрүүчүлөрү улам азайып, аброю түшүп бара жатканы айтылууда. КТРКга бюджеттен каражат бөлүнөт. Эмне үчүн өз алдынча иш алпарган телеканалдар алдыга жылат да, мамлекет каражат бөлүп берген телекомпания артта калып бара жатат? Бул боюнча тийиштүү адамдарды, каналдын Байкоочу кеңешин угуп көрүшүбүз керек, балким КТРКнын башчысын алмаштыруу керек?" деди депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан