Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Япон куурчактары» аттуу көргөзмө өтүүдө.
Иш-чара Кыргызстандагы Япония элчилиги менен КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулууда.Японияда 3-мартта «Хина мацури» - айымдар
майрамы белгиленет. Үй-бүлөсүндө кызы барлар үйлөрүн куурчактар менен
кооздошот. Бул көргөзмө Индия, Египет, Казакстан, Орусия, Европа жана Азия өлкөлөрүндө көрсөтүлгөн.
Ошондой эле Түндүк жана Түштүк Америкада коомчулукта чоң кызыгууну жараткан. Анда
фарфор, керамика жана
тактайдан жасалган 70тен
ашуун экспонат коюлган.