Парламент жыйынына Тажикстандан келген 6 депутат конок катары катышууда

ЖКнын бүгүнкү, 20-декабрдагы жыйынына Тажикстандан келген депутаттык делегация катышууда. Төрага Асылбек Жээнбеков тажик кесиптештерине ыраазычылык билдирүү менен эки өлкөнүн кызматташтыгы мындан ары да жылуу маанайда улана тургандыгын белгиледи. Ал эми депутат Жусупали Исаев Тажикстан менен сүйлөшүү жүргүзүүнүн натыйжасында учурда көп жылдан бери ишке ашпай келген Кулунду-Максат унаа жолун курууга уруксат берилгенин белгиледи. "Еврейлер баласы төрөлгөндө эле "менин балам акылдуу, кыйын" деп мактай берет экен. Ошондуктан еврейлердин балдары кыйын чыгат. Бизде жакшы жасалып жаткан иштерге шүгүр дегендин ордуна жаман дей беребиз. Жаман дей берсек, жаман боло берет. Жакшы иштер болуп эле жатат" деген депутат жогоруда аталган унаа жолун курууга уруксат берилгенин мисал келтирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан