Кеминде 2-топтогу майып кызды зордуктаган жигитке кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 21-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга аталган райондун 62 жаштагы жашоочусу кайрылган. Ал 17 жаштагы 2-топтогу майып небересин белгисиз жигит зордуктап кеткенин айткан.
Белгилүү болгондой, ал кызды алдап чакырып алган. Кийин "өлтүрөм" деп коркутуп, зордуктап салган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү деп Чүй облусунун 25 жаштагы тургуну кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.