"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча 2013-жылы “Заманыбыздын супер ырчысы” наамын алган ырчы Каныкей “Куурчак” аттуу чыгармасына тартылган анимациялык клибин элге тартуулады. Ырчы клип тууралуу бүгүн, 21-февралда SUPER.KG порталына айтып берди.
- Клиптин узактыгы 3 мүнөттү түзөт экен. 3 мүнөттүк клипти жарыкка чыгаруу үчүн канча убакыт кетти?
- Бул сүрөттөлүштүн автору өзүммүн. Аны ишке ашырууда Марат Раимкулов көмөкчү болду. Мен сунуштаган сүрөттүн баарын тартып, кыймылга келтирип, көп убакыт коротту. Жалпысынан мен бул идеяны 6 ай убакытта бышырдым. Оюмду, максатымды толук ишке ашыруу үчүн анимация чоң жардамга келди. Эгерде кадимкидей клип тарта турган болсом, анда мен максатыма жетмек эмесмин.
- Анимациялык клипте эмнени айтың келди?
- Жашырганда эмне, мен бүгүнкү коомду дал ушул сүрөттөлүштөгүдөй деп билем. Бирок ким кандай кабыл аларын өзү чечет. Бул менин чыгармачылыгым жана аны эч кимге таңуулабайм. Айткандар болду, “бул клипти коом терс кабыл алып, сени жаман көрөт” деп. Бирок мен коомдо орун алып жаткан көрүнүштөрдү карап, жашырып отура албайм. Мен ачык айткым келди.