19-февралда Super.kg порталына КТРКдагы "Аалам сырлары" таймашына байланыштуу чуулгандуу аудиожазуу жарыяланган. Анда кайсы бир Дана аттуу аял уюштуруучу топ менен катышуучуларга ортомчулук кылып, таймаштын финалына өткөзүү үчүн катышуучудан жетекчилигине 20 миң доллар же 1 миллион сом талап кылганы жазылган. Телефондук сүйлөшүүдө аталган берүүнүн жетекчиси, КТРКнын кызматкери Асыл Аппасованын ысымы бир нече ирет сөз болуп, ортомчу Дана Аппасованын тапшырмасын аткарып жаткандай картина түзүлөт.
Бул боюнча "ВБ`га" Дана Абдыбекова аттуу аял 20-февралда комментарий берген. “Мен КТРКда тез-тез болуп турам, бирок Исманкулова (ред. Индира Исманкулова, берүүнүн катышуучуларынын бири) менен бир-эки жолу эле жолуккам. Интернетке чыккан аудиожазуу - жалган жалаа. Мен кадыр-баркымды сактап калуу үчүн сотко доо арыз жаздым. Аудиожазууну текшерип чыгыш керек”,- дейт Абдыбекова.
"Интернетте жарыяланган аудиожазуудагы бейтааныш Дана аттуу айым КТРКнын кызматкери эмес" деп Коомдук телеканал да билдирүү таратып, коомчулукка "пара талап кылуу боюнча шектелип жаткан адам биздин кызматкер эмес" деген ойду жеткирүүгө аракет кылган эле. "Аалам сырларынын" тиртрлери Дана Абдыбекова КТРКнын менеджери экендигин далилдеп турат. "Пара талап кылуу" кылмышы боюнча шектелип жаткан менеджерин "бейтааныш" деп жаткандарына караганда "пара талап кылуу" окуясына КТРКнын жетекчилеринин да тиешеси барбы деген суроо жаралууда.