Бөдөш Мамырова: "Бишкек мэри "кар тазалоого техника жетишпей жатат" дейт, эмне, Нариман Түлеев мэр болуп турган учурдагы техникалар өзү менен кошо камалып кеттиби?"

ЖКнын 20-декабрдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова Бишкектеги жолдордун абалын айтып, мэрге атайын тапшырма берүү зарылчылыгын белгиледи. Анын айтымында, Бишкек мэри жолдорду тазалоого олуттуу көңүл бурбай жатат. "Кечээ жумуштан чыгып үйгө бара жатсам, Түштүк дарбаза тарапта унаалар тайгаланып узун-туурасынан токтоп, бир сааттай автотыгын пайда болду. Мэр Иса Өмүркулов "кар тазалоочу техника жетишпей жатат" деп айтууда, эмне, Нариман Түлеев мэр болуп турган убактагы техникалар аны менен кошо камалып кеттиби?" деди Мамырова. Буга өкмөттүн ЖКдагы өкүлү Темирбек Ашырбаев "кечээ аталган жерде мэр өзү болду жана премьер-министр ага катуу тапшырма берди" деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан