Иса Өмүркулов: “Кардан шаардагы жолдордун бардыгын тазалаш үчүн өкмөт атайын техникаларды сатып алуу үчүн каражат бөлгөн эмес”

“Кардан шаардагы жолдордун бардыгын тазалаш үчүн өкмөт атайын техникаларды сатып алуу үчүн каражат бөлгөн эмес”.  Мындай пикирди бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов журналисттер менен болгон маалымат жыйында бир жылдык иши тууралуу берген отчётунда айтты. “Мэрия азыр болгон атайын техникасы менен негизги жолдорду гана тазалаганга жетишип жатат. Кээ бир шаар тургундары "көчөлөрдө тайгак, муз болуп калды" деп арызданышууда. Биз учурда 100%га жолдорду тазалоого мүмкүнчүлүгүбүз жок. Болгону негизги жолдорду тазалоого гана алыбыз жетип жатат. Ошондуктан биз өкмөткө шаардын бюджетин көбөйтүү тууралуу өтүнүчтөрдү жөнөтүп жатабыз. Анткени бюджеттен атайын техника сатып алуу тууралуу каражат бөлүнгөн эмес”,- деди Иса Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан