“Эгер шаардыктар башка мэрди тандаса, анда мен кызматымды таштоого даярмын”. Мындай пикирди Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты. “Менин да кызмат кылчу мөөнөтүм аяктап, кайрадан мэр жаңы шайланчу убакыт келет. Эгер шаар тургундары менин ордума башка мэрди тандашса, анда кызматымды таштоого даярмын. Анткени бардыгы мыйзамдын чегинде болушу керек”,- деди Иса Өмүркулов.