Депутат Эгемберди Эрматов депутаттардын 2 күндүк эмгек акысын кыштан кыйналып жаткан жарандарга жардам катары берүүнү сунуштады

Депутат Эгемберди Эрматов депутаттардын 2 күндүк эмгек акысын сууктан кыйналып жаткан жарандарга даректүү жардам катары берүүнү сунуштады. Эл өкүлү мындай демилгени ЖКнын 20-декабрдагы жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, айрым жерлерде элдер өздөрү демилге көтөрүп чыгып, көмүр, азык-түлүк жана дары-дармекке муктаж адамдарга жардам берүүнү уюштурууда. "Кыштын кыштай болгону жакшы" деген депутат эл кыштын кыйынчылыгын көрүп кыйналбай, тескерисинче, керемет кооздугун сезип кубанышы керек экендигин баса белгиледи. "Кыштын да жакшы жагы бар, кар канчалык көп жааса, жайында суу мол болот, тоют да жетиштүү болот" деди Эрматов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан