Петропавловск-Камчатск шаардык соту 42 жаштагы Кыргызстандын жаранын күчөтүлгөн режимде 9 жыл 6 айга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды. Ал кошунасынын өлүмү боюнча айыпталып жатат.
Маалыматка ылайык, кылмыш 2013-жылы 28-июлга караган түнү катталган. Кыргызстандын жараны бир кабат төмөн жашаган 53 жаштагы кошуна айым менен урушуп кетет. Буга үйдөгү суу каптоо себеп болгон.
Жаңжал чыккан учурда кыргызстандык адам мас абалында экендиги белгилүү болду. Ал тепкичте кошунасына 24 жолу бычак сайгандан кийин анын сөөгүн маркумдун үйүнө алып кирген. Андан соң бир нече жолу башына урганда алган жаракатынан кошунасы окуя болгон жерде көз жумган.
Батирде өлгөн аялдын 13 жаштагы небереси да болот. Ал чоң энесинин кыйкыргандарын, ызы-чууну угуп жашынып калган. Кыргызстандык кылмышкер изин жашыруу максатында кийимдерин жууп жатып кызды байкабай калган.