Жумгалдагы сот учурунда болгон жаңжалдан кийин жоголгон милиционер табыла элек

Жумгалдагы элдик соттогу жаңжалдын натыйжасында Жумгал суусуна ыргытылган үч айыпталуучу милиция кызматкеринин бири Рустам Токтогулов 20-февралдан бери табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, "Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиевди өлтүргөн" деп шектелген дагы эки милиционер Бишкекке алынып келди. Алар ИИМдин бейтапканасына жаткырылган. Бири катуу күйүк алып, экинчиси ур-токмокко алынган. "Учурда үчүнчү милиция кызматкери Рустам Токтогуловду издөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө",- деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, 21-февралда Жумгалдагы элдик сот боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
Эскерте кетсек, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин Жумгал суусуна ыргытып жиберишкен. Ал эми үчүнчүсүн милиция кызматкерлери аман алып калышкан.

Маалыматка караганда, айыпталуучу тараптын адвокаты ишти облустук сотто кароону суранган. Муну Жумгал райондук соту карап, ишти Нарын облустук сотуна жөнөттү. Мындан улам маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары нааразычылык билдиришип, аягы ызы-чууга айланып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tairbek.
2014-02-24 11:54:42
Украинага окшоп баратабы?
0
mirbakg
2014-02-24 12:11:40
Жакшы кылышыптыр башкаларга сабак болот Бул окуянын болгонуна Канча болду сот эмдигиче Бул ишти жаппай созуп Журот ! Адилет чечимин чыгара албаган сотту да кошо ыргытса Жакшы болмок !!
+3
azamatali_i
2014-02-24 12:12:26
туура кылышкан азаматтар....болбосо соттор чечим чыгара албадык деп республикалык сотко чейин келмек и акырында бул кылмыш иши жабылып кетмек!
0
Aitunuk
2014-02-24 13:46:16
Барган сайын адамдар таш боор болуп баратат, зомбулукка зомбулук көрсөтүү менен алар да ал соттолуучулардан айырмасы жок экендигин көрсөтүшкөн. Минтип отурсак адамкурут болобуз. Кудай сактасын.
0
Misi
2014-02-24 14:16:35
кудай жеткизсин куноосуз адамдардын убалы уктатпасын. кимге жамандык кылса ошонун башына келет. милициялардын укугу качан корголот. ит олгон жерде милиция куноолу.
+1
primus
2014-02-24 15:15:19
Да азыркы учурда мыйзам иштебей жатат.кай.жерге барба коррупция.бардыгы келип мына ушул коррупциянын айыбынан болуп жатат.болницага барсан бизде места жок бизге ооруп олот дегенде кел деп жатышат.сотко барсан айыбын барбы жокпу кызыктырбайт кимиси акчаны кобуроок берсе ошол тарап акталып чыгат. муну кантип токтотсо болот
0
maks83
2014-02-24 16:42:10
primus, бизге каттуу президент керек ошондо токтойт.назик президент эмес
+1
hakker
2014-02-26 17:24:17
maks83, Эн туура бизге Сталинге окшогон мыйзамды биринчи орунга койгон катуу,эрктуу Ажо керек.Ошондо жегендер тыйылып,коррупция озу эле токтойт болчу.Кылмышкерлер жазаланбаса,бардак боло берет...
0
bek-93
2014-02-24 16:43:26
Сотторго ишенбеш керек, кучун жетсе озун эле жазала, туура кылышкан мага жакты, азамат жигиттер экен...
0
maks83
2014-02-24 16:48:16
ошодо тируубу же олгонбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан