ЖКда депутаттык комиссия КРнын Эсептөө палатасындагы кырдаалды иликтеп чыккандан кийинки жыйынтыгы менен тааныштырууда

"Депутаттык комиссия "Эсептөө палатасы өзүнө тиешелүү мыйзамдарды толук кандуу аткарган эмес" деген жыйынтыкка келди. Бул тууралуу ЖКнын 20-декабрдагы жыйынында депутат Анарбек Калматов билдирди. Анын айтымында, аталган палата өлкөдөгү коррупциялашкан орган жана көптөгөн мыйзам бузуулар менен иштеп келе жатат. Депутат аталган органдагы көптөгөн мыйзам бузууларды белгиледи. "Эсептөө палатасы тууралуу мыйзам боюнча, бул палатанын аудиторлору дайындалып, ишке киришкенден баштап ант бериши керек. Бирок булар 2010-жылы дайындалса, антын эми берүүдө. Бул Эсептөө палатасы өздөрүнө тиешелүү мыйзамды бир да жолу карап койгон эмес дегенди билдирет" деди Калматов. Белгилей кетсек, ЖКда “КРнын Эсептөө палатасында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы угулууда. Аталган комиссияга депутат Анарбек Калматов төрагалык кылат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан