Мушкер Мухаммед Алинин чемпиондук наам үчүн беттеште кийип чыккан мээлейи 836 000 АКШ долларына сатылды

22-февралда легендарлуу мушкер Мухаммед Алинин мээлейи аукциондо 836 000 АКШ долларына сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мушкердин 1964-жылдын 25-февралында Сонни Листонго каршы чемпиондук наам үчүн орун алган беттеште кийген мээлейи 500 миң долларга бааланып, аукционго коюлган (быйыл бул белгилүү беттешке 50 жыл толду). Аукциондо күрөш 11 бокс сүйүүчүсүнүн катышуусунда болуп, жыйынтыгында 836 000 АКШ долларына сатылды.

Кошумчалай кетсек, Сонни Листонго каршы беттеш Алинин жеңиши менен аяктап, ал супер оор салмакта Дүйнөнүн жаңы чемпиону болуп калган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
miwka94
2014-02-24 17:57:50
охооо...
0
boztalaa
2014-02-24 18:13:12
Кайсыл мушкер алганын да жазгылачы
0
realbek89
2014-02-24 21:24:03
Кандай гана чон акчалар а ошондон коро жетим балдар уйуно жардам беришсе болмок
0
Beko87
2014-02-24 22:51:45
кызыкоо...
0
kuba.kq8705
2014-02-25 11:27:17
alar sporttu suiup baalashat molotsy
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан