КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын ураанын жана логотибин жаратуу боюнча сынак жарыялады.
Маалым болгондой, ураан жана логотиптердин долбоорлору 2014-жылдын 9-мартына чейин кабыл алынат. Алгачкы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары ушул жылдын 8-14-сентябрында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага 10дон ашык өлкө катышат.
“Сынакка КРнын жарандары жана көчмөн оюндарын өнүктүрүүнү каалагандар катыша алат. Анын жеңүүчүсү Ысык-Көлгө эс алууга жолдомого ээ болот”,- деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.