Парламентте депутаттар мектеп окуучуларын бүгүнтөн баштап каникулга чыгаруусун талап кылышууда

ЖКнын кезектеги пленардык жыйынында "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Эсенгул Исаков мектеп окуучуларын бүгүнтөн баштап кышкы каникулга чыгаруусун талап кылды. Эл өкүлүнүн айтымында, катуу сууктун айынан көп балдар ооруп калууда. "Кээ бир окуучуларга катуу сууктун айынан мектепке баруу кыйынчылык туудурууда. Каникул 24-декабрдан башталса, өзүнүн актуалдуулугун жоготот. Анткени синоптиктер ошол маалда күндүн жылый турганын айтып жатышат" деди эл өкүлү. Кошумчалай кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары үчүн кышкы каникул 24-декабрда башталып, 12-январда аяктаарын маалымдашкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан