Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы
катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда ӨКМнын басма сөз
кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 23-февралда күнү саат 02:12 чамасында Каракол - Чолон-Ата унаа жолунун 1-чакырымында катталган. Анда айдоочу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен.
Жол кырсыгы болгон
жерге КРнын ӨКМнын Каракол шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып,
жабыркагандарды унаанын ичинен чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп
беришти.