Баткен шаарында 20-февраль күнү «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөн 37 жаштагы А.Д. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Баткен ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
1979-жылы чыгарылган №536260 сандуу, АК-74 (Калашников автоматы) үлгүсүндөгү ок атуучу курал экени аныкталды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.