Иса Өмүркулов: “Бишкектин түштүк жагында жаңы кичи район салынат”

Жакын арада Бишкектин түштүк аймагына жаңы кичи район салынарын Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов билдирди. Шаар башчысы 1 жылдык иши тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып, кичи район куруу үчүн 25 гектар жер бөлүнгөнүн айтты. “Бишкектин түштүк аймагында 25 гектар бош жер бар. Ошол жерге 5000 батирлүү жаңы кичи район курууну пландап жатабыз. Курулган батирлер жеңилдетилген баада сатылмакчы. Ошондой эле кичи райондун өзүнүн мектеби, бала бакчасы болот” деди Иса Өмүркулов.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан