Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Бакыт Рыспеков: “Жумгалдагы сот учурунда болгон дүрбөлөң жана өрттөө фактысы боюнча "Кара-Кече" кенинде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин атасы, энеси, карындашы, агасы, иниси жана эки айылдашы 23-февралда Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына отургузулду”,- деп кечээ, 24-февралда SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 21 адам камакка алынды. Алардын ичинен 7си Нарын, 5и Жумгал, 6сы Кочкор жана 3ү Ат-Башы РИИБине камалды.
“Көз жумган Айбек Мамбеталиевдин агасы Жыргалбек Мамбеталиев милиция тарабынан ур-токмокко алынды. Анын мурдунун кыры сүрүлгөн жана сол кашынын четине кан уюп калган. Бирок анын өзүнүн айтымында, милиционерлер тарабынан ур-токмок болгон жок. "Жумгалдагы сот учурунда болгон жаңжалда милиция кызматкерин сабадым" деп күнөөнү мойнуна алды”,- деди укук коргоочу Бакыт Рыспеков.
Эскерте кетсек, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан.