Вьетнамда сөөктү жерге берүү зыйнатында көпүрө урап, 7 адам каза тапты. Бул тууралуу 24-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, кырсыктан дагы 37 адам жабыр тарткан. Адамдар табытты Ляйтяу провинциясындагы көрүстөнгө алып бара жатышканда көпүрөнүн бир тарабындагы трос үзүлүп кеткен. Натыйжада адамдар 20 метр тереңдиктеги чуңкурга түшүп кетип, оор жаракат алышкан. Полиция бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.