ЖКнын 20-декабрдагы жыйынында КРнын Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова отчёт берди. Анын айтымында, Эсептөө палатасы ар дайым ачык-айкын иштегенге аракет кылат жана 2013-жылдын январь айында анда иштеген аудиторлорду аттестациядан өткөрөт. Ибраимова "аттестациядан ведомстводогу бардык кызматкер өтөт. Биз кызматкерлердин кесипкөйлүгүн талап кылабыз. Ошондой эле январь айында өзүбүздүн иш планыбызды түзүп чыгабыз" деди Ибраимова.