Нигерияда радикал экстремисттер Федералдык колледжди 30 адам менен кошо өрттөп салышты

25-февралда “Боко Харам” ислам радикал уюмунун мүчөлөрү Федералдык колледжди 30 адам менен кошо өрттөп салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, согушчандар чабуул жасап, имаратка өрт коюшкан. “Боко Харам” (“Батыштын билими – күнөө” деп которулат) уюму акыркы убактарда билим берүү жайларына бир нече жолу кол салышкан. http://content.adfox.ru/transparent.gif

Өткөн жылдын октябрь айында Эл аралык "Amnesty International" уюму Түндүк Нигерияда радикал экстремисттик уюмдардын өкүлдөрү мугалимдер менен окуучуларга атайын кол салып жаткандыгын билдиришкен. Жүздөгөн окуучуларды өлтүрүп келген радикалдардын кадамдары барган сайын мыкаачылыкка өтүп жаткандыгы айтылган. Мектептерден сырткары радикалдардын Айыл чарба колледжинде 50 студенттин өлүмүнө себепкер болушканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
realliver
2014-02-25 17:34:20
Jindiii jindi
0
tokmok.93
2014-02-25 17:50:41
кудай сактасын.ушундай адамдар кантип бул дуйнодо жашап жатат.....кудай оз жазаларын берсин.......дуйно жузундо тынчтык болсо экен
+1
janybek93
2014-02-25 19:16:44
кезектеги Американыны саясаты!!
0
Juliana
2014-02-26 03:12:08
janybek93, pri chem tut Amerika? Nigeriya dep jazylyp turbayby? Je emne Amerikalyktar okuuga karshyby?
-1
Survey
2014-02-26 10:16:04
американын саясаты дегенге менда кошулам.бугунку кундо диндердин ортосунда согуш болуп жатпайбы.кайсы олкодо которулуш болсо артында америка тураарын дуйнолук ммкаларда далилдеп жатат
0
admin_superstan
2014-02-26 11:07:58
inoplanetyanin - 3 күнгө БАНга!
Кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынат.
bekos2012 - эскертүү!
Провокацияга жол берилбейт.
0
ALI2012
2014-02-26 16:33:42
Билип билбей Америка деген еле туура эмес. Мен да Мусулманмын. Бирок кее бир мусулман бир туугандар оздорунон башка адамдарды каапырсынар же болбосо каапырлар менен иштешип окуушуп атасынар деген тушунук менен ошол жолго барууда. Бул куноо жондон жон кан тогуу эн чон куноо. Себеби туура сабак алышкан эмес оздору ор кимдин созуно ишенип оздорун жардырып же болбосо олтуруп атат. Ушундай сабатсыз адамдардын айынан башка мусулмандарды жаман корсотуудо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан