Шаар тургундарын коркутуу жолу менен баалуу буюмдарын тартып алып жүргөн кылмышка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь районунан тоноочу кармалды. Ал коркутуу жолу менен жарандардын баалуу буюмдарын тартып алчу. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине борбор калаанын 22 жаштагы тургуну кайрылган. Айтымында, белгисиз адам кымбат баалуу уюлдук телефонун тартып алган. Ушундай эле арыз менен дагы бир шаар тургуну кайрылган.

Жүргүзүлгөн бир катар иштердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну кармалган. Учурда “карактоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан