Социалдык өнүктүрүү министрлиги декабрь айындагы катуу суукта карыларга жардам берген активдүү жарандарга ыраазычылык билдирет

Социалдык өнүктүрүү министрлиги декабрь айындагы катуу суукта карыларга жардам берген активдүү жарандарга ыраазычылык билдирет. "Суук күндөрдө карыларга жардам берген активдүү жарандарга өз ыраазычылыгымды билдирем. Бирок бул соцкызматкерлер иштебеди деген эмес. Эшикте суук же жылуу болобу, соцкызматкерлер өзүнүн милдеттерин аткарып келишет. Өлкө боюнча 9 миңдей жалгыз жашаган карылар бар. Аларды биздин 800дөй соцкызматкерлерибиз карашып, кам көрүшөт. Болгону алар өздөрүнүн кылган иштерин жарнамалабайт",- деди Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан