Акыркы сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги 26-февралда билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы турак үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыккан. Анда курулуш материалдары күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.