Бүгүн, 26-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына карата концерт өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Кыргызстандагы Аялдар конгресси уюштуруп жаткан концертке көп балалуу энелер, өлкө аймагындагы аялдар, ар кайсы тармакта иштеген айымдар, эмгек сиңирген мугалимдер, аялдар кыймылынын ардагерлери катышат. Концертке Бакыт Тилегеновдун жетекчилиги астындагы эл аспаптар оркестри, КРнын Эмгек сиңирген скрипкачысы Эрнис Асаналиев, Кыргыз Эл артисти Роза Аманова, КРнын Эмгек сиңирген артисттери Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева, Алина Жетигенова, Алтынай Нарбаева, ошондой эле "Достор" тобу, Гүлнара Тойгонбаева, Жамиля Муратова, Курмангазы Азыкбаев, Мирбек Атабеков, Юлия Руцкая, Гүлжигит Калыков, Нурайым Азыкбаева, Иса, Бек, Марлен жана "Шаттык" бий ансамбли катышат.
Кыргыз Республикасынын Аялдар конгресси ишкердик, кол өнөрчүлүк, социалдык өнүгүү, билим берүү, медицина тармагында ийгиликке жеткен айымдарга төш белги тапшырат.