Панфилов районунда жергиликтүү тургундун эшигине 3 айлык ымыркайды таштап кетишти. Бул тууралуу 26-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 24-февралда Райондук ички иштер башкармалыгына Вознесеновка айылынын 42 жаштагы жашоочусунун эшигине ымыркай ташталгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.
Ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге келип, наристенин ден соолугуна зыян келтирилбегенин аныктаган. Дарыгерлердин айтымында, ымыркайдын ден соолугу канааттандырарлык. Аны ороп, туулган датасы жазылган кат калтырылган. Азыркы тапта наристенин ата-энесин тактоо иштери жүрүүдө.