Кыргызстан менен Тажикстан парламенттеринин ортосунда чек ара маселеси тууралуу кеңеш түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда депутат Назарали Арипов журналисттер менен болгон маалымат жыйынында билдирди. "Кыргыз-тажик чек арасында чечиле элек жалпы 930 миң километр жер бар. Башка чектеш мамлекеттер менен да парламенттик комиссия иштеп жатат",- деди эл өкүлү. Ошондой эле Назарали Арипов Тажикстанды 2010-жылдагы ыңкылапта чек арасын жаап салбаган жалгыз өлкө экенин баса белгиледи.