Талас шаарында КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин каржылоосу менен “Жылдыз -Транзит” коомдук уюму турмуштун татаал жагдайына кабылган балдарды социалдык жактан колдоо жана реабилитациялоо борбору ачты. Борбордун негизги максаты - балдарды социалдык калыптандыруу, психологиялык жардам жана кеңешүүчүлүк жактан багыт берүү болуп саналат.