Улукбек Кочкоров: "Эсептөө палатасында реформа жасабаса болбой калды"

ЖКнын 20-декабрдагы жыйынында Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү талкууланып жатат. Депутат Улукбек Кочкоров бул органда олуттуу мыйзам бузуулар бар экенин айтып, анда иштеген инспекторлордун кызматтык иш сапарларына кеткен каражаттарга токтолду. "Эсептөө палатасынын аныктамасында жазылып турат, бир инспектор 10 күндө 6 мекемеге текшерүү жүргүзүүгө жетишиптир. Ал мекемелердин бири Баткенде болсо, башкасы Ошто же Нарында жайгашыптыр. Мына, мыйзам бузуу фактыларынын бири. Жетекчилик тарабынан көзөмөл болобу? Же бир инспектордун иш сапары үчүн миллиондогон сомдорду бөлүп берип коюп отура беребизби? Бул органда реформа жасабаса болбой калды" деди Кочкоров.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан