Эгемберди Эрматов Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимованы атасы Султан Ибраимовдой таза иштөөгө чакырды

"Эсептөө палатасын түп тамырынан бери өзгөртүш керек". Бул пикирди депутат Эгемберди Эрматов ЖКнын жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган органга таза адамдар келгенде гана иш алдыга жылат. "Эльмира Ибраимова, сиз Эсептөө палатасынын башчылыгына дайындалганда эки анжы ойдо калгам. Анткени сиз убагында "Таза суу" программасын башкарып, бирок бул программа өз максатына жетпей калган. Миңдеген эл дагы эле таза сууга зар болуп отурат. Жаңы дайындалдыңыз, бул палатанын ишин, табиятын түп тамырынан бери өзгөртүүгө аракет кылышыңыз керек. Сизди Султан Ибраимовдун кызы катары сыйлайбыз, атанын кызы болуп, ага жаман сөз тийгизбей, ишти таза алып кетет деп үмүт кылып турам" деди Эрматов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан