*1961-жылдын дал ушул күнү кинорежиссёр, сценарист
Эрнест Абдыжапаров жарык дүйнөгө келген. Ал көпчүлүккө белгилүү “Таранчы”, “Беш-Терек”,
“Босого”, “Саратан”, “До+Фа” тасмаларынын жаратуучусу. Анын тасмалары 20дан ашуун
эл аралык фестивалдарда киночулардын жогору баасына арзыган.
*1988-жылдын 27-февралында Орусиянын
Сургут шаарында учак кыйрап, 20 адам каза болуп, 31 адам аман калган. Мындай
окуя учактын аэропортко конор маалында болгон.
*Мындан 7 жыл мурун ЖКнын
имаратынын алдында Сабыржан Сабиров өзүн-өзү өрттөп жиберген. Ал баласына
карата акыйкат сот өкүмү чыкпаганына нааразы болгон. Денесинин 96 пайызы күйүк
алган. Мындан улам 3 күндөн кийин каза болуп калган.
*Мындан 4 жыл мурун Чилиде күчү
8,8 баллга жеткен зилзала катталып, чоң суу толкунун пайда кылган. Анын
кесепетинен 802 адам көз жумган.