"Дарыгерди ур-токмокко алган" деп айыпталган ЖКнын депутаты Нурбек Мурашев менен анын инисине кылмыш иши козголду

Кечээ, 26-февралда КРнын Башкы прокуратурасы "дарыгер Жамал Тургунбаевди ур-токмокко алган" деп айыпталган ЖКнын депутаты Нурбек Мурашев жана анын иниси Н.Мамбеталиевге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “ээнбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, 2014-жылдын 10-февралында депутат Нурбек Мурашевдин инисинин аялы А.Арстанбек кызы Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылган. 12-февралда бейтаптын ден соолугу начарлагандыгынан жандандыруу бөлүмүнө которулган.

13-февралда саат 11:00 чамасында Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев менен анын иниси Н.Мамбеталиев Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевди ур-токмокко алышкан. Жаракат алгандыктан, дарыгер Тургунбаев Улуттук госпиталга жаткырылган.

Ошол эле күнү депутат дарыгерге кол көтөрбөгөнүн айтып, туура эмес диагноз койгону үчүн Жамал Тургунбаевди соттоторун билдирген.

ЖКнын депутаты менен дарыгердин ортосундагы чырдашуунун себеби болгон аял 14-февралда көз жумган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште 6-февралда "Кумтөр" боюнча токтом кабыл алынган. Ага каттоодон өткөн 97 депутаттын 60ы "макул", 35и "каршы" добуш берди. Анда "Республика" фракциясынан депутат Нурбек Мурашев "каршы" добуш берген.

“Учурда КРнын Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатат”,- деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
zman53
2014-02-27 09:20:06
Бугунку кундо дарыгерлер каалаганын жасап жатышат.Дарыгерге кириш учун акча,Ооруканага жатыш учун акча,дагы бирдеме берсен жакшы карамыш болушат.Адамдар айласы кеткенде ушундай ишке барышат.Коррупция врачтардын да арасында белчесинен баткан.Аларга да иш козгогондой закон жок окшойт да."Кайда барсан мамайдын кору".
+3
zama.kj9
2014-02-27 09:23:14
zman53, туура айтасын кайда барсан мамайдын кору.
+1
toobaldaru
2014-02-27 09:33:58
Копкон депутаттарга ушул бийликтин учурунда гана жаза берууго мумкун болуп калды. Мурда бир да депутаттын чачы кыйшайчу эмес. Эми бейбаш депутаттардын опкосун узуп, турмого чейин отургузуп атат АША. АША унчукпай жургону менен укругу кучтуу, кыйын киши экен.
-2
forestmen
2014-02-27 10:08:12
Биз даарыгерлерди озубуз уйротконбуз да айлайын Колун женил болсун, муну чай ичип кой деп. Орун жок болсо эптеп буга бирдеме кыл деп чонтогуно тутамдап салып атып. Анан кайра акчасыз даарылабайт деп ыйлайбыз.
+1
Aidai2010
2014-02-27 10:22:00
Ким болбосун Закон чегинде иш алып барыш керек эле, бирок депутаттар оздорун карапайым элдин алда канча ойдо корушот.
0
boztalaa
2014-02-27 11:28:24
Кумторго каршы добуш бербегенде иш козголмок эмесда. Врачты соттомок ХХХХХ баары аман эле болушсунда
+2
admin_superstan
2014-02-27 11:35:26
boztalaa - эскертүү!
Кимдир-бирөөгө ат коюп, мазактоого жол берилбейт!
0
Alicia
2014-02-27 11:31:57
Jakshy boluptur da bashka deputattarga da kichine sabak bolot.
-1
ralliya85
2014-02-27 12:44:52
Kumtorgo karshy dobush bergenin bul jerde ne tieshesi bar,karshy bergen dep sottotup jataby?ushu biyliktin adamdaryna toboo ishin tushposundaa.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан