Өзбекстанга мыйзамсыз экспорттолгон 79,4 миң тонна көмүр кармалды

Жалал-Абад облустук экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Өзбекстанга жашыруун ташылып бара жаткан 79,4 миң тонна көмүрдү кармашты. Маалыматка ылайык, ташылып бара жаткан  көмүрдүн баасы 184,5 миң сомду чапчыйт. “МТО Соода үйү” ААКсы “Таш-Көмүр темир жолу” башкармалыгынын кызматкерлери менен жең ичинен темир жол жана бажы документтерин жасалма даярдашканы анык болду. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан