Акыркы сутка ичинде республика аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги 27-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
26-февралдан 27-февралга караган түнү Чүй облусунда турак үйдө өрт чыккан. Анын кесепетинен үй толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.