Брюс Линин ашынган күйөрманы, “Тамашоу” аркылуу элге таанылган Зияш Турдубек уулу Брюс Линин, режиссёр, актёр Адилет Акматов Жеки Чандын образын тасмада жаратышты. Бул тууралуу тасманын режиссёру Адилет Акматов бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, “Алдамчы Жеки” деген аталышта жарык көргөн комедиялык тасмада дүйнөгө белгилүү актёрлордун образдары берилген. “Өткөн жылдын жай айларында тартылган тасманын сценарийин Зияш жазып чыкты. Аны Брюс Линин образында көп киши тааныйт эмеспи. Андыктан анын аткарган ролу мага жакты. Андан тышкары казак актёру Саят Исембаев да башкы ролдордун бирин аткарды. Бирок тасма комедия багытында болгондуктан, менин купулума анча толо берген жок”,- дейт ал.