Кытай жарандарына кол салып келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2013-жылдын сентябрь-декабрь айларынын аралыгында Кытайдын жарандарына кол салуу фактылары катталып келген.
Кылмышкерлер сырткы келбетине карап курмандыктарды тандашкан. Алардын чет өлкөлүк экенин аныкташкан соң үйлөрүнө келип, курал менен коркутуп акча жана материалдык байлыктарын уурдап кетип жатышкан.
Өткөн жылы декабрда уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү: 30 жаштагы Тельман Иманкулов, 28 жаштагы Данияр Садыков жана 29 жаштагы Азат Жакшылыков кармалган. Кылмышка шектүү төртүнчү адам Ноокат районунда туулган, 31 жаштагы Замирбек колго түшүрүлдү. Ал Бишкек шаардык тергөө абагына киргизилди.