Таш-Көмүр шаарынын мэри Бекболот Миңбаевге кылмыш иши козголду

Таш-Көмүр шаарынын мэри Бекболот Миңбаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 27-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 13-февралында “Кристалл” заводунан темир жол шаймандарын чыгарып кетүү фактысы катталган. Бирок алып бара жаткандар милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, темир жол шаймандары Шаардык суу чарба башкармалыгынын короосуна жайгаштырылган. 

Ал эми 15-февралда мэр Миңбаев баасы 250 миң сомдук шаймандарды белгисиз тарапка жүктөп кеткен. Учурда ага карата “кызмат абалынан ашкере пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zman53
2014-02-27 14:14:33
Бугунку кундун модасы - качкан жокпу?
0
Ayday2
2014-02-27 15:00:12
Ууруларды колго чапкандын ордуна, өзү уурулук менен шугулданса, буга окшогон мэрлердин колун керки менен кертип салыш керек, оппозиция айтмакчы, рай-шаар жетекчилерин эл шайлаш керек.Мадумаров Жантөрө менен жакшы экен Токтогулга, Кадамжайга өз партиялаштарын отургузуп койду
+1
Beko87
2014-02-27 22:10:43
ишенген кожо ушулар болсоо жонокой эл кайда барсын)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан