19-декабрь күнү саат 21:30дар чамасында Талас шаарындагы Манас көчөсүндө жайгашкан №140-үйдүн мончосунан өрт чыкты. Талас шаарынын өрт өчүрүү кызматкерлери тилсиз жоону өз убагында өчүргөнгө жетишип, калган башка имараттарды сактап калышкан. Өрттүн чыгышына мончонун мешин жана морун курууда өрт коопсуздугу боюнча эрежелер сакталбаганы себеп болгон. Учурда материалдык чыгымдар такталууда.