Кыргыз-тажик чек арасында кургатылган жемиштерди, 2 тонна курутту аткезчилик жол менен өткөрүп жаткан адамдар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ММК жана коомчулук
менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-февралда Баткен
облусунун Паскы-Арык жергесинде Кыргызстандын эки жараны кармалган. Алардын чек
ара аркылуу Тажикстанга 2,3 миң өрүк көчөтүн алып өтүүгө аракет кылышканы
аныкталган.
Мындан сырткары Миң-Өрүк аймагындагы «Кара» чек ара заставасынын
кызматкерлери тарабынан Ош облусунун 2 тургуну кармалган. Алар КамАЗ унаасында 10 тонна кургатылган жемиш жана 2
тонна курут алып өтүп баратышкан.
Текшерүүлөрдөн кийин
жүктөр Баткен облусу боюнча Мамлекеттик чек ара кызматына өткөрүлүп берилди.