Депутаттар Тажикстандагы этникалык кыргыздар тууралуу демилге көтөрүлүп жатканын айтышты

Кыргызстан менен Тажикстандын дипломатиялык кызматташтыгынын 20 жылдыгына байланыштуу Тажикстандын депутаттык делегациясы Бишкекке келгендиги белгилүү. Бул делегация менен жолугушуу өткөргөн ЖКнын депутаттары Назарали Арипов менен Жусупали Исаев журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Жолугушуудагы талкууланган маселелер боюнча маалымат берген депутат Жусупали Исаев тажик аймагындагы этникалык кыргыздар тууралуу да оюн айтты. "Тажикстандагы кыргыздар менен келин алып, кыз беришип жатабыз. Бирок андайда паспорт маселеси пайда болууда. Азыркы учурда эки өлкөнүн парламенттери арасында бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тажикстандык кыргыздарга кыргыз жарандыгын же Кыргызстандан Тажикстанга бүлө болуп барган жарандарга тажик жарандыгын алып берүүнү жеңилдетүү боюнча демилге көтөрүлүүдө",- деди Исаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан